Вход

Регистрация
Главная
 
SITE LOGO 
Меню сайта
Категории раздела
Жанылыктар [0]
Жанылыктарды мезгилден артта калбай окуп турунуз
Статистика

Баарына онлайн: 1
Конокторго: 1
Колдонуучуларга 0
Главная » 2007 » Март » 22 » ТУБАСА МАЙЫП БАЛДАР КӨП ТӨРӨЛҮҮДӨ
17:56
ТУБАСА МАЙЫП БАЛДАР КӨП ТӨРӨЛҮҮДӨ
ТУБАСА МАЙЫП БАЛДАР КӨП ТӨРӨЛҮҮДӨ

БАЛДАРДЫН ТУБАСА ХИРУРГИЯЛЫК ООРУЛАРЫ КАЙСЫЛАР?

Мындай оорунун түрлөрүнө кулагы жок болуп төрөлүү, кабыргалардын жетишпестиги, кыздарда жыныс кыны жок туулуу, ичегилердин түйүлгөн түрүндө болушу, көтөн чучугу туюк төрөлүү, көкүрөк сөөгүнүн (көөдөнүнүн) чыгып же кирип кетиши, кол-буттун манжаларынын биригип калуусу, ашыкча манжалуулук же тескерисинче кол-буттун манжаларынын биринин же бир нечесинин өсүп-жетилбей калуусу, тубаса кыйшык колдуулук, жатыны жок төрөлүү, ички органдардын шишиги менен төрөлүү кирет. Мындан тышкары, бир буту кыска туулуу, май тамандык жана башкаларды кошууга болот.

СЕБЕПТЕРИ

*
Майып төрөлгөн балдардын энеси боюнда болгон алгачкы 3 ай ичинде коюлган талаптарды аткарбагандыгы. Анткени, алгачкы 3 айдын ичине жатында түйүлдүктүн пайда болушу, баланын мүчөлөрүнүн түзүлүп, калыптана башташы кирет. Ушул мезгилде болочок эне спирт ичимдигин жана тамеки колдонсо, үйбүлөлүк чыр-чатактан катуу кайгырууларга туш келсе, сапатсыз тамак-аштарды колдонсо, өз алдынча дарыгердин уруксатысыз дары-дармекти ичсе ичиндеги түйүлдүккө доо кетип, бала майып болуп төрөлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, ысык күндөрү күн нуру алдында ачык жерлерде узакка иштесе күн нурлары денесине өтүп, натыйжада, бала майып төрөлөт.
*
Экологиянын бузулуусу. Мисалы, көл аймагында экологиянын бузулуусу көкүрөк сөөгү ичке кирип же сыртка чыгып төрөлгөн балдардын төрөлү­шүнө алып келүүдө. Статистиканын көрсөт­күчү­нө таянсак, мындай балдар көл аймагында төрөлгөн жалпы балдардын санынын 80 пайызын түзөт.
*
Кийинки кездерде бензоколонкада иштегендерден тышкары көчө бойлорунда, үйлөрүндө бензин, солярка саткан аялзатынын көбөйүшү да майып төрөлгөн балдардын санынын өсүшүнө коркунуч жаратууда. Нефть продуктыларынын бөлүкчөлөрү аба, тери аркылуу организмге өтүп, анан эненин денесинен жатындагы түйүлдүккө өтөт. Натыйжада, майып бала төрөлүүсү мүмкүн.
*
Абада радиациялык нурлардын жогорулоосу. Бул тубаса онкологиялык оорулар менен төрөлүүгө алып келет.

Майып балдардын төрөлүүсүнө аталган себептерден башка себептер да бар экендигин айта кетели.

ДИАГНОЗ КОЮУ

Төрөт үйлөрүндө наристе төрөлөөрү менен денсоолугунун абалы текшерүүдөн өтөт. Эгер организминдеги кемчилик билинсе, дароо адистештирилген ооруканаларга которулат.
Диагнозду тактоо үчүн наристе рентгенден же компьютердик томографиядан өткөрүлүүсү ыктымал.

ДАРЫЛАП АЙЫКТЫРУУ

Дарылап айыктыруу комплекстүү түрдө жүргүзүлөт. Операциядан тышкары ийне саюу, дары-дармек жана физиотерапия менен дарылап айыктыруу колдонулат.
Операциялардын кээси бала төрөлгөн­дө эле жасала турган болсо, кээси кийинки жылдарда деле жасала берет.

Бала төрөлөөрү менен жасалуучу операциялар

*
Ымыркай көтөн чучугу туюк же ички органдары сыртка чыгып төрөлсө, ал төрөлгөндөн кийинки 2 сааттан соң операция жасалат.
*
Ичегилери түйүлүп төрөлгөн­дөргө да операция жасалып, түй­үлгөн жерди кесип, ичегилер улантылып тигилет.
*
Көтөн чучугу туюк түрдө туулгандарга операция жасалып, арткы каналы ачылып коюлат.

Кийин жасала турган операциялар

*
Жатын кыны жок туулган кыздарга операция жасоодо хирургдар кыздын өзүнүн жоон ичегисинен кесип алып, ошондон жатын моюнчасын жасашат.
*
Тубаса кыйшык колдуулукта наристе кол сөөгүнүн кемчилиги менен төрөлөт. Мисалы, бир сөөктүн өспөй калгандыгынын негизинде колу кыйшык болуп калат. Эгер наристе ушундай абалда туулса, колу гипс таңуу менен акырындап оңдолуп барып, анан ортопедиялык аппарат менен оңдолууга өтөт. Мындай дарылоо натыйжасын бербесе, пластикалык операция жасалат.
*
Кол-бутунун манжалары жабышып туулгандарга операция жасалып, манжа аралары ач­ылып коюлат.
*
Тубаса кулагы жок тө­рөлгөн­дөр­гө 5ке тол­гон­дон тар­тып операция сунушталат. Операция 2-3 этапта жүргүзүлөт. Жыйынтыгында, баланын кабыргасы операциялык жол менен алынып, андан хирургдар кулак жасашат. Ошентип, бала өз кабыргасынан жасалган кулактуу болот.
*
Көкүрөк сөөктөрүнүн кирип же сыртка чыгып төрөлүшүндө баланын 4-6 жашында көкүрө­гүнө пластинка орнотулуп, ал сөөктөргө бекитилип коюлат. Сөөктөр калыбына келген кезде, тактап айтканда, 6 айдан соң пластинка алынып салынат.
*
Ашыкча манжалуу болуп төрөлгөндөрдүн ашыкча манжасы кесилип салынат.

Операциялар башка айтылбай калган оорулардын түрлөрүнө карап заманбап ыкмаларда жүр­гү­зүлөт.

БОЛОЧОК ЭНЕЛЕРДИН ЭСИНЕ!

Майып балдардын төрөлүшү­нө кош бойлуу аялдардын өз убагында аймактык дарыгерлерге катталбай, кезек-кезеги менен керектүү дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтпөй жүргөндүгү да себеп болууда. Кээлери венерикалык ооруларды жугузуп алса да, толук дарыланып айыкпай, акырында майып баланы жарык дүй­нөгө алып келишүүдө.
Ошондуктан, жаш эне, туура тамактанып, өз убагында дарыгерге көрүнүп, жогорудагы майып балдардын төрөлүшүнө жеткирүүчү себептерден оолак болгонуңуз оң. Анткени, болочок балаңыздын алты саны аман төрөлүшү сизден көз каранды экендигин унутпаңыз.толугураак окуюн десениз сиз учун СУПЕР

Просмотров: 5401 | Добавил: mirlan | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]
Вход на сайт
Поиск
Календарь
«  Март 2007  »
ПнВтСрЧтПтСбВс
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031
Архив записей
Друзья сайта
  • Официальный блог
  • Сообщество uCoz
  • FAQ по системе
  • Инструкции для uCoz

  • Copyright MyCorp © 2024